Чүйдө урушкан туугандарды арачалайм деген киши каза болду

Чүйдө урушкан туугандарды арачалайм деген киши каза болду

Чүй районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран камалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 13-ноябрь күнү Чүй районунун аймактык ооруканасына денесине бычак сайылып жаракат алган Кайырма айылынын 1975-жылы туулган А.Б. аттуу тургуну жеткизилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткызылган. Бирок доктурлардын көрсөткөн жардамына карабай, алган жаракаты оор болгондуктан, эсине келбей каза болгон.

Аталган окуя боюнча Чүй РИИБдин тергөө кызматында Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинде (денеге оор залал келтирүү, өлүмгө алып келгенде) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө амалдарынын натыйжасында, бул кылмышты жасаган адам 2001-жылы туулган У.А. экени такталып, Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин талаптарына ылайык шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо изоляторуна киргизилген.

Кылмыш туугандар арасында болгон уруштун айынан болгондугу аныкталган. Каза болгон адам урушуп жаткан адамдарды арачалайм деп жатып бычактан жаракат алган. Ал шектүү болуп камалган адамдын жездесинин досу болуп чыкты. Учурда тергөө уланып жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>