Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Чүйдө жубайлардын чыры өлүм менен аяктады
24.01.2023 | 09:36
Аламүдүн районунда адам өлтүрүүгө шектелип Төмөнкү Ала-Арча айылынын 34 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 23-январда милицияга Төмөнкү Ала-Арча айылында эркек киши 37 жаштагы К.Р. аттуу өнөктөшүн бычактап, тез жардам кызматы келгенге чейин ал каза болуп калганы тууралуу маалымат түшкөн. Адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сурак учурунда ал аялды өлтүрүү мас абалындагы чырдын негизинде болгонун айткан.
Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом