Ошто өспүрүмдөр жасаган эки кылмыштын бети ачылды

Ошто өспүрүмдөр жасаган эки кылмыштын бети ачылды

Ош шаарынын аймагында 19-20-январь күндөрү «Түнкү өспүрүм» аталышындагы профилактикалык иш-чара өттү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган иш-чара жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасында укук бузуулардын алдын алуу максатында жүргүзүлүп, иш- чаранын жүрүшүндө түнкү саат 22:00дөн кийин компьютердик клубдар, кафе-ресторандар, түнкү клубдар, базарлар, бекеттер, чатырлар болуп, жалпысынан 276 жайлар текшерилип, жарандарга милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу, кылмыш чөрөсүнөн сактануу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Иш-чаранын жыйынтыгында жаш өспүрүмдөр тарабынан кылынган 2 кылмыштын бети ачылды. Туруктуу жашаган жери жок өспүрүм аныкталган жок, Бирок, балдардын реабилитациялык борборуна тилемчилик жасап же түнкүсүн саат 22:00дөн кийин өз алдынча жүргөн 65 бала өткөрүлдү. Алар түнкүсүн чоӊ адамдардын коштоосусуз жүргөндөр.

Ошондой эле балдар иши боюнча инспекциясынын каттоосуна 4 жаш өспүрүм алынды. Жаш балдарды ишке тарткан айрым ата-энелер жана иш берүүчүлөр менен профилактикалык маектешүүлөр өткөрүлдү.

Бул балдар тууралуумаалыматтар Ош шаардык мэриясынын балдар менен иштөө комиссиясына жана башка тиешелүү мекеме-ишканаларга, социалдык жактан коргоо мекемелерине 57 кат жөнөтүлдү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>