Акылбек Жапаров жумушчу сапар менен Кытайга барат

Акылбек Жапаров жумушчу сапар менен Кытайга барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылдын 29-февралынан 2-мартына чейин Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Жумушчу сапардын алкагында Акылбек Жапаров, КЭР Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, СУАР Партиялык комитетинин катчысы  Ма Синжуй, Өзбекстандын премьер министри Абдулла Арипов баштаган делегациялардын үч тараптуу жолугушуусуна катышат.

Ошондой эле, Кыргызстан, Өзбекстан, СУАР делегация башчылары биргеликте «Эркештам-автодорожный» көзөмөл өткөрүү пунктуна барышы күтүлүүдө.

Мындан тышкары министрлер кабинетинин төрагасы Кашкар шаарындагы Нарын эркин экономикалык аймагынынын ишмердүүлүгү менен таанышып, Кашкар эркин экономикалык аймагында жайгашкан бондалык кампасына барат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>