Кабмин 2050-жылга чейинки Башкы планды бекитти. Бишкекти эмне күтөт (негизги жоболор)Кыргызстан дүйнөгө белгилүү «Bvlgari» компаниясы менен кызматташууга кызыкдарКыргызстандык окуучулар Түндүк уюлга барууга мүмкүнчүлүк алышат: «Билим муз жаргычы» сынагы башталдыЖумгалда классташын өлтүрүүгө шектелип 74 жаштагы аял кармалдыАдылбек Касымалиев Кыргыз футбол союзунун жетекчилигине жалгыз талапкер болдуБишкекте «Боотур театры» эл аралык долбоорунун бет ачары өтөт
Чүйдөгү Лебединовка айыл аймагынын мурдагы башчысы 23 гектардан ашык жерди мыйзамсыз ээлеп алган
01.05.2025 | 17:55
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Лебединовка айыл аймагынын мурдагы башчысы кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, көптөгөн жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алган. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Ч.Б.А. 1992-2012-жылдар аралыгында Лебединовка айыл аймагынын башчысы кызматын ээлеп турган маалда Чүй облусунун Аламүдүн районунун, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун жана Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан жерлерди мыйзамсыз ээлеп алгандыгы аныкталган.
Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында жалпы аянты 23 гектардан ашуун жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар