Чыңгыз Ахматов Кыргызстандын башкы прокурорунун биринчи орун басары болуп дайындалды

Чыңгыз Ахматов Кыргызстандын башкы прокурорунун биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү документке президент Садыр Жапаров кол койду.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, Чыңгыз Аширбекович Ахматов 1981-жылдын 7-июлунда Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) туулган.
2003-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган.
Прокуратура органдарындагы эмгек жолун 2004-жылы Талас облустук прокуратурасынын стажер-прокурору болуп баштап, кийинчерээк бөлүмдүн прокурору болуп иштеген.
2005–2006-жылдары Ош облустук прокуратурасынын бөлүмүнүн улук прокурору, 2006–2007-жылдары Кара-Суу районунун прокурорунун жардамчысы болгон. 2007-жылы Жалал-Абад облустук прокуратурасынын бөлүмүнүн улук прокурору болуп иштеген.
2007–2009-жылдары Башкы прокуратуранын прокурорунун жардамчысы жана улук жардамчысы кызматтарын ээлеген.
2017–2019-жылдары Башкы прокуратуранын башкармалыгынын прокурору болуп иштеген. 2018–2019-жылдары Токмок шаарынын прокурорунун милдетин аткарган.
2019-жылдан 2022-жылга чейин Ахматов Чүй облусунун Ысык-Ата районунун прокуратурасын, ал эми 2022-жылдан 2024-жылга чейин Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасын жетектеген.
2024-жылдын 12-июнунда ал Ош облусунун прокурору болуп дайындалган болчу.