ДКО: көк бөрү жана көк парга кире албагандар билеттин акчасын кайтарууга 20-сентябрга чейин билдирме бериши керек

14.09.2026 | 15:26
ДКО: көк бөрү жана көк парга кире албагандар билеттин акчасын кайтарууга 20-сентябрга чейин билдирме бериши керек — Новости Кыргызстана

Көк бөрү жана көкпардын финалдык беттештерине билет алып, бирок кире албай калгандар акча каражаттарын кайтарып алуу үчүн 2026-жылдын 20-сентябрдын кечине чейин билдирме бере алышат. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык оюндарга жалпы 7 миң билет сатылган. Анын ичинен 4 миң 409 билет валидациядан өткөн, ал эми 2 миң 591 билет валидациядан өткөн эмес. Билеттин валидациядан өтпөй калышы акчаны автоматтык түрдө кайтарып берүүгө негиз болуп саналбайт. Кайтаруу боюнча чечим текшерүүнүн негизинде кабыл алынат.

Билдирмелер nebs@minculture.gov.kg электрондук дарегине кабыл алынат. Арызда жарандын аты-жөнү, байланыш телефону, билеттин же тапшырыктын номери жана билеттин пайдаланылбай калган жагдайы көрсөтүлүшү керек. Ошондой эле электрондук билет жана төлөмдү тастыктаган чек же квитанция тиркелиши зарыл.

2026-жылдын 20-сентябрынан кийин жиберилген билдирмелер кабыл алынбайт. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен акча каражатын кайтаруу укугу ырасталган жарандарга төлөмдөр 2026-жылдын 5-октябрына чейин жүргүзүлөт. Баш тартылган учурда арыз ээсине себеби көрсөтүлгөн билдирүү жөнөтүлөт.

Эске салсак, 6-сентябрда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн көк бөрү жана көк пар боюнча финалдык беттештерге айрым жарандар билет алып, бирок стадиондо орун жок кире албай калышкан. Андан кийин Маданият министрлиги алардын билеттеринин акчасы кайтарылып берилерин билдирген.

Scroll to Top