Жогорку Кеңештин 2025-жылдагы бюджети дээрлик 72 пайызга көбөйгөн

Жогорку Кеңештин бюджети 2025-жылдын ичинде баштапкы 1 млрд 105,8 млн сомдон 1 млрд 898,4 млн сомго чейин көбөйтүлгөн. Ошентип, парламенттин чыгымдары 792,6 млн сомго же 71,7 пайызга өскөн. Мындай маалыматтар 2025-жылдагы мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетто келтирилген.
Иш жүзүндө жыл ичинде 1 млрд 810,6 млн сом сарпталган. Бул такталган бюджеттин 95,4 пайызын түзөт.
Кошумча каржылоонун олуттуу бөлүгү парламенттин имаратын оңдоого, модернизациялоого жана жабдууга байланыштуу болгон. Тактап айтканда, желдетүү жана кондиционер системасын капиталдык оңдоого 153 млн сом, жыйындар залын модернизациялоого жана реконструкциялоого, ошондой эле сервердик жабдууларды сатып алууга дагы 113,3 млн сом каралган.
Фасадды оңдоого жана имараттын айланасындагы аянтчаны гидроизоляциялоого 30,7 млн сом бөлүнгөн. Дагы 74,5 млн сом дааратканаларды, китепкананы, административдик имараттын үчүнчү кабатында жайгашкан мечиттин чатырын оңдоого, ошондой эле имараттын айланасындагы аянтчаны жана тепкичтерди мрамор жана гранит плиталары менен каптоого каралган.
Чоң жыйындар залында электр кабелдерин орнотуу иштерине 27 млн сом, зал үчүн эмерек жана люстраларды сатып алууга 8,1 млн сом багытталган. Дагы 13,5 млн сом түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери үчүн ата мекендик өндүрүштөгү кызматтык автоунааларды сатып алууга каралган.
Өнүктүрүү жана стимулдаштыруу фондуна өзүнчө 348,3 млн сом каралган.
Мындан тышкары, телестудияны оңдоого 4,6 млн сом, кабинеттерди оңдоого 3,1 млн сом каралган. Расмий делегацияларды камсыздоого жана эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө 10,3 млн сом, дагы 2,3 млн сом өкүлчүлүк чыгымдарга каралган.
Ошол эле учурда жыл ичинде бюджеттик ассигнованиелердин бир бөлүгү 72,3 млн сомго кыскартылган. Анын ичинен 56,2 млн сом сметаларды талдоонун жыйынтыгында оптималдаштырылган, 4,9 млн сом Эсеп палатасынын көрсөтмөсүнүн негизинде кыскартылган, дагы 200 миң сом мамлекеттик сатып алуулардан үнөмдөлгөн.
Жогорку Кеңештин жалпы бюджетине төраганын резервдик фонду да кирет. Ага 2025-жылы 70 млн сом каралып, иш жүзүндө 68,9 млн сом сарпталган.
Резервдик фонддун эң ири чыгаша бөлүгү — 41,5 млн сом — мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги объектилерди жана инфраструктураны оңдоого жана алардын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалган.
Дагы 14,6 млн сом эмгек ардагерлерине, республиканын көрүнүктүү инсандарына жана аз камсыз болгон жарандарга бир жолку жардам көрсөтүүгө багытталган. Спорттук жана маданий-массалык иш-чараларды колдоого 7,6 млн сом, юридикалык жактарга жардам көрсөтүүгө 3,4 млн сом сарпталган.
Мындан тышкары, төраганын резервдик фондунан 1,8 млн сом Жогорку Кеңештин депутаттарына, алардын консультанттары менен жардамчыларына, ошондой эле парламенттин аппаратынын жана Иш башкармалыгынын кызматкерлерине материалдык жардам көрсөтүүгө багытталган.