Депутат Энергетика министрлигинин колл-борборуна 20 мүнөт чала албай койду

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин жыйынында Энергетика министрлигинин 105 кыска номери аркылуу колл-борборуна байланышууга аракет кылган. Бирок 20 мүнөт бою анын чалуусуна эч ким жооп берген эмес.
Парламентарий энергетика тармагынын өкүлү Алтынбек Рысбеков сүйлөп жаткан учурда телефон аркылуу байланышууга аракет кылып, чалуу учурундагы күтүү музыкасын жыйындын катышуучуларына угузган.
«Сиз сүйлөп жаткандан бери мен чалып жатам. 20 мүнөт өттү, дагы эле телефонду алышкан жок. Музыка дагы эле ойноп жатат. Атайын сизге угузуп койдум», — деп кайрылды Бекешев Рысбековго.
Депутат кыш мезгили келип, электр энергиясы тез-тез өчүрүлө баштаганда тургундар энергетиктер менен өз убагында байланыша албай калышы мүмкүн экенине тынчсыздануусун билдирди.
Анын айтымында, мындай учурларда жарандар жооптуу кызматтардан маалымат ала албай, депутаттарга кайрыла башташат.
Бекешев колл-борбордун ишин текшерип, зарыл болсо кошумча каражат бөлүүгө чакырды. Анын пикиринде, операторлор жарандардын кайрылууларын ыкчам кабыл алып, маалыматты өз убагында жеткириши керек, ал эми телефон линиялары жеткиликтүү болушу зарыл.
Буга жооп катары Алтынбек Рысбеков өткөн аптада колл-борборго өзү барып, кыш мезгилине карата анын ишин күчөтүү боюнча тапшырмаларды бергенин билдирди.
Анын айтымында, кийинки жуманын ичинде кошумча адистер ишке киришет. Ошондой эле жаңы жумуш орундары жана компьютерлер менен камсыздоо каралган. Мындан тышкары, кыш алдында авариялык бригадаларды күчөтүү пландалууда.
Бекешев ошондой эле Көк-Жар айылында электр энергиясынын үзгүлтүксүз өчүрүлүп жатканы тууралуу маселени көтөрдү. Анын айтымында, тургундар электр жарыгынын өчүшүнө бир нече жолу даттанышкан, бирок депутат өзүнүн кайрылуусуна ушул күнгө чейин толук жооп ала элек.
«Жарандар жөн жерден калп айтпайт да. Алар дайыма чалып, электр жарыгы өчкөнүн билдирип жатышат. Мен ар бир ушундай маселе боюнча сизге чала бербейм да», — деди депутат.
Рысбеков жарандарды тейлөө ишин жакшыртуу боюнча иштер улантыларын билдирди. Ошондой эле Көк-Жардагы кырдаал боюнча буга чейин депутаттын жардамчысына маалымат бергенин айтты.