Энергетика министри Кыргызстанда электр энергиясы эмне үчүн тартыш болуп жатканын түшүндүрдү

Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды куруу экономиканын өсүшүнө жана электр энергиясын керектөөнүн көбөйүшүнө жетишпей жаткандыгына байланыштуу. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди.
Анын айтымында, электр энергиясынын жана кубаттуулуктун жетишсиздиги көп жылдан бери чечилбей келе жаткан көйгөй. Буга энергетикалык инфраструктуранын, өзгөчө ири гидроэлектр станцияларынын курулушунун жетиштүү деңгээлде өнүкпөгөнү себеп болгон.
«Бул бүгүн же кечээ пайда болгон маселе эмес. Бул көйгөй көп жылдан бери топтолуп келген. Энергетика тармагы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатканын ачык моюнга алышыбыз керек», — деди Рысбеков.
Ал өлкөдө турак жайлар, анын ичинде Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үйлөр, мектептер, бала бакчалар, заводдор жана башка объекттер активдүү курулуп жатканын белгиледи. Алардын баары кошумча электр энергиясын талап кылат. Бирок жаңы электр энергиясын өндүрүүчү кубаттуулуктарды ишке киргизүү темпи керектөөнүн өсүшүнөн артта калууда.
Министр энергетикалык системаны кышка даярдоо иштери план боюнча жүрүп жатканын жана каралган бардык иштер аткарыларын билдирди. Ошол эле учурда кыш мезгилине толук даярдык электр энергиясынын жетишсиздиги маселесин чечпей турганын белгиледи.
Рысбеков электр жарыгы эмне үчүн көбүнчө эртең менен жана кечинде өчүрүлөрүн да түшүндүрдү. Анын айтымында, дал ушул убактарда энергетикалык системага болгон жүктөм кескин көбөйөт.
«Кечинде адамдар жумуштан үйлөрүнө кайтып, тамак даярдап, электр шаймандарын иштете башташат. Эртең менен да баары жумушка даярданып, электр жабдууларын колдонушат. Дал ушул убактарда керектөө кескин өсүп, кубаттуулуктун тартыштыгы пайда болот», — деп түшүндүрдү ал.
Министрдин айтымында, бул көйгөйдү чечүү үчүн акыркы жылдары ири энергетикалык долбоорлор ишке ашырылууда.
Атап айтканда, күн электр станцияларын куруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Рысбеков Кеминде жана Ысык-Көлдө күн электр станциялары иштеп жатканын, ал эми учурдагы күн энергетикасы объекттеринин жалпы кубаттуулугу 400 мегаваттка жакын экенин билдирди. Кошумча кубаттуулуктарды 2027-жылы ишке киргизүү күтүлүүдө.
Мындан тышкары, Кара-Кече жылуулук электр станциясынын долбоору боюнча инвестициялык макулдашууларга кол коюлган. Учурда техникалык-экономикалык негиздеме боюнча иштер жүрүп жатат. Рысбековдун баамында, долбоор эки-үч жылдын ичинде аякташы мүмкүн.
Ошол эле учурда ири гидроэлектр станцияларын куруу боюнча да иштер жүргүзүлүүдө. Бирок министр белгилегендей, мындай долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бир топ убакыт, кеминде алты жылдан сегиз жылга чейин талап кылынат.
Ошондуктан жаңы электр энергиясын өндүрүүчү объекттер пайдаланууга берилмейинче, өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы сакталып турат.
Рысбеков ошондой эле энергетика тармагын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен тарыхта биринчи жолу 300 миллион доллар бөлүнгөнүн билдирди.
Анын айтымында, пландалган иштердин алкагында «Кемин» көмөкчордонунан Кара-Балта жана Чалдыбар аймагындагы «Фрунзенская» көмөкчордонуна чейин чыңалуусу 500 киловольт болгон кошумча электр берүү линиясын куруу каралган. Ошондой эле Бишкек шаарында 500 киловольттук жаңы көмөкчордон куруу пландалууда.
Бул долбоорлорду эки жылдын ичинде аяктоо көздөлүүдө.
Министр пландалган иштер ишке ашкандан кийин өлкөдөгү электр энергиясын эң көп керектеген аймактардын бири болгон Бишкек шаарынын электр менен камсыздоо маселелерин чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөрүнө ишеним билдирди.
Сөзүнүн соңунда Рысбеков депутаттарды электр энергиясынын тартыштыгынын себептерин калкка түшүндүрүүгө чакырып, көйгөйдү толук чечүү үчүн убакыт талап кылынарын белгиледи.