Бишкекте 25-сентябрда ыктыярдуу кан тапшыруу акциясы өтөт

23.09.2026 | 17:44
Бишкекте 25-сентябрда ыктыярдуу кан тапшыруу акциясы өтөт — Новости Кыргызстана

25-сентябрда Бишкек шаарындагы Республикалык кан борборунда ыктыярдуу донорлордон кан топтоо акциясы өткөрүлөт. Иш-чара сентябрь айынын акыркы жекшембисинде белгиленүүчү Кыргызстандагы Улуттук кан донорунун күнүнө карата уюштурулууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Акцияга катышууну каалагандар саат 08:00дөн 14:00гө чейин Чыңгыз Айтматов проспектиси, 60 дарегинде жайгашкан борборго келип кан тапшырса болот. Ал үчүн жанына өздүгүн тастыктаган документти ала келүү керек. Ошондой эле кан тапшырар алдында майлуу, куурулган жана сүт азыктарын колдонбоо зарыл.

Министрликтин маалыматында, Республикалык кан борборунда жыл сайын болжол менен 30 миң 500 литр донордук кан даярдалат. Учурда Кыргызстанда калкты кан менен камсыздоо көрсөткүчү 1000 адамга 12 донорду түзөт. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу боюнча бул көрсөткүч 1000 адамга 40 донор болушу шарт.

Акция жарандарды ыктыярдуу кан тапшырууга тартуу жана медициналык мекемелер үчүн кан запастарын толуктоо максатын көздөйт.

Scroll to Top