Баалуу металлдар департаментинде коррупциянын алдын алуу боюнча семинар өттү

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинде коррупцияга каршы күрөшүү, коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо жана мамлекеттик кызматта этикалык ченемдерди сактоо маселелерине арналган кеңешме болуп өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Башкы башкармалыгынын коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн демилгеси менен уюштурулуп, ага департаменттин бүтүндөй эмгек жамааты катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө департаменттин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарындагы, анын ичинде атайын каттоо, уруксат берүүчү жана башка административдик жол-жоболор, мамлекеттик көзөмөл, кадрдык иш жана мамлекеттик сатып алуулар процесстериндеги мүмкүн болгон коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу маселелери талкууланды.
Ошондой эле Башкы прокуратуранын өкүлү катышуучуларды Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы «Мамлекеттик кызматкерлердин жана муниципалдык кызматкерлердин коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү максатында кайрылуу фактылары жөнүндө кабарлоо тартибин бекитүү тууралуу» жаңы кабыл алынган №537 токтому менен тааныштырып, анын талаптарын так сактоого чакырды.
Бул токтом коррупциялык сунуштардан дароо баш тартууга жана бул тууралуу 24 сааттын ичинде жетекчиликке, прокуратура органдарына же укук коргоо органдарына милдеттүү түрдө кабарлоого милдеттендирет. Бул эрежелер коррупциянын алдын алууга, ошондой эле мындай фактылар жөнүндө кабарлаган кызматкерлердин купуялуулугун жана коопсуздугун коргоого багытталган.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча коррупциялык тобокелдиктерди минимизациялоо, мыйзам талаптарын так аткаруу, мамлекеттик кызматкерлердин укуктук жана коррупцияга каршы маданиятын жогорулатуу боюнча бир катар сунуштар берилди.
Департаменттин жетекчилиги жана жамааты коррупциянын алдын алуу жана мамлекеттик кызматтын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча иштерди мындан ары да активдүү улантууга даяр экенин билдиришти.