Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
Чыңгызхан музейинде Кыргыз каганаты тууралуу бөлүм ачылат
09.12.2024 | 17:10
Монголиядагы Чыңгызхан музейинде Кыргыз каганаты тууралуу маалымат камтылган бөлүм ачылат. Бул тууралуу элчи Айбек Артыкбаев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, аталган бөлүм келерки жылы ачылат.
“Маданият министрлиги жана Тарых музейи менен бирге Улан-Батор шаарындагы Чыңгызхан атындагы Улуттук тарых музейинде Улуу Кыргыз каганаты тууралуу бөлүм ачканга макулдашууга жетиштик. Кудай буйруса, келерки жылы ачылат”, – деди ал.
Депутат Кубанычбек Самаков бул ишти Маданият министрлигине тапшырса, иш жүрбөй калышы мүмкүн экенин айтып, бул маселени өзү көзөмөлгө алуусун сунуштады.
Элчи ишти көзөмөлгө аларын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом