Венгриянын улуттук академиясына кыргыз боз үйү белекке берилди

26.10.2026 | 10:49
Венгриянын улуттук академиясына кыргыз боз үйү белекке берилди — Новости Кыргызстана
Венгриянын улуттук академиясына кыргыз боз үйү белекке берилди — иллюстрация
Венгриянын улуттук академиясына кыргыз боз үйү белекке берилди — контекст события
Венгриянын улуттук академиясына кыргыз боз үйү белекке берилди — фото 4

Венгриянын Лаки-Телек улуттук академиясына Кыргыз улуттук «Манас» театры тарабынан боз үй белекке берилди. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Ошондой эле академияда акын Алыкул Осмоновдун мажар тилине которулган «Көл толкуну» китебинин бет ачары өтүп, театрдын манасчылары менен төкмө акындарынын концерти тартууланган.

Салтанатка ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, Кыргыз Республикасынын Венгриядагы элчиси Элдар Абдылдаев, жергиликтүү бийлик жетекчилери, дипломаттар жана маданият ишмерлери катышкан.

Жолугушууда кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын жана маданий мурасын эл аралык деңгээлде таанытуу, ошондой эле эки өлкө ортосундагы маданий кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланган.

Scroll to Top