Кыргызстандыктардын каржылык сабаттуулугу Венгрия, Италия жана Литвадан ашты

10.09.2026 | 16:06
Финансовая грамотность кыргызстанцев обогнала Венгрию, Италию и Литву — Новости Кыргызстана

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өлкөнүн чоң курактагы калкынын каржылык сабаттуулугунун деңгээли боюнча үчүнчү улуттук изилдөөнү жыйынтыктады.

2025-жылдагы изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, өлкөдө каржылык сабаттуулуктун жалпы көрсөткүчү мүмкүн болгон 20 баллдан 11,8 баллды түздү — бул 2021-жылга салыштырмалуу 4%га көп. ЭКӨУнун (ОЭСР) 2023-жылдагы эл аралык изилдөөсүнүн маалыматтары боюнча, бул көрсөткүч киреше деңгээли жогору болгон бир катар мамлекеттерден, анын ичинде Венгрия, Италия жана Литвадан жогору болду.

Негизги өсүш каржылык билим чөйрөсүндө катталып, анын деңгээли төрт жылдын ичинде 10%га жогорулады — бул калктын негизги экономикалык түшүнүктөрдү жана каржылык куралдарды сапаттуу түшүнүп калганынан кабар берет. Каржылык жүрүм-турум көрсөткүчү 3%га өсүп, 69%га жетти, бул жарандардын өз каражаттарын бөлүштүрүүгө кыйла сарамжалдуу мамиле кыла баштаганын далилдейт.

Ошол эле учурда, каржыга болгон мамиле көрсөткүчү — респонденттердин узак мөөнөттүү каржылык маселелерге карата субъективдүү баасы — 8%га төмөндөгөн. Улуттук банктын пикиринде, бул жарандардын көпчүлүгү узак мөөнөттүү каржылык максаттарды жана пландарды түзбөстөн, учурдагы күнүмдүк керектөөлөргө гана басым жасап жатканын же каржылык белгисиздикти сезип жатканын көрсөтөт.

Негизги параметрлерден тышкары, изилдөө калктын каржылык бакубаттуулугу, каржылык туруктуулугу, санариптик каржылык сабаттуулугу жана каржы кызматтарынын жеткиликтүүлүгү көрсөткүчтөрүн да камтыйт.

Бул изилдөө жарандардын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралардын алкагында ЕККУнун (ОБСЕ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен ЭКӨУнун эл аралык усулу боюнча жүргүзүлдү. Мындай изилдөөлөр буга чейин 2017 жана 2021-жылдары өткөрүлгөн, бул көрсөткүчтөрдүн динамикасына узак мөөнөттүү келечекте байкоо жүргүзүүгө шарт түзөт.

Теги: Нацбанк
Scroll to Top