D Billions концерти, фестиваль. 1-июнда кандай иш-чаралар өтөт?

D Billions концерти, фестиваль. 1-июнда кандай иш-чаралар өтөт?

Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Бишкек шаардык мэриясы балдар үчүн майрамдык программа даярдады.

Мэриянын маалыматына караганда, 31-майда саат 14:00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында «Наристе» фестивалынын салтанаттуу ачылышы болот.

Кеңири масштабдагы иш-чарага Россиядан, Казакстандан, Тывадан Монголиядан, Башкириядан, Сахадан, Индиядан келген өкүлдөр, ошондой эле Кыргызстандын 7 облусунан I Бишкек Дельфий оюндарынын жеӊүүчүлөрү катышат.

1-июнда саат 10:00дөн 21:30га чейин Ала-Тоо аянтында Биринчи балалык фестивалы өтөт. Коноктор үчүн фуд корттор, оюнчук жарманкелери жана оюн-зооктор  уюштурулат.

Балдарды жана алардын ата-энелерин этно оюндар, шашки, шахмат жана улуттук оюндар боюнча турнирлер, көркөм сүрөт искусствосу боюнча мастер-класстар, цирк, бет сүрөт, бий сынактары, ыр сынагы жана жаш сүрөтчүлөрдүн сынагы күтүүдө.

Саат 17.30да аянтта концерт башталат. Конокторго «Наристе» фестивалынын катышуучулары жана кыргыз эстрада жылдыздары концерт беришет. Саат 20:00дө балдардын интернет-контентинин сегментинде феноменге айланган DBillions музыкалык тобунун чыгышы белгиленген.

Майрамды Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен биринчи айымдын «Эне-балага тирек» коомдук фонду уюштурууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>