Саламаттык сактоо министрлигине 6 унаа тапшырылды

Саламаттык сактоо министрлигине 6 унаа тапшырылды

Бишкекте Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Транспорттогу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна медициналык жабдууларды, унааларды, оргтехникаларды жана формаларды тапшыруу аземи болуп өттү.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, унаа, меджабдыктар Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) «COVID -19 жана башка жугуштуу ооруларга каршы күрөшүү, Кыргызстанда саламаттыкты сактоону жана чек ара көзөмөлүн күчөтүү» долбоору тарабынан каржыланды.

Долбоор Кыргызстанга кирүү пункттарынына зарыл болгон жабдуулар менен камсыздоого жана санитардык карантиндик пункттардын кызматкерлеринин жаңы пайда болгон эпидемиологиялык өзгөчө кырдаалдарга эффективдүү чара көрүү потенциалын жогорулатууга багытталган. Долбоор KOICA программасынын ABC (Өнүгүү кызматташтыгы аркылуу COVID-19га туруктуулугун жогорулатуу боюнча күн тартиби) бир бөлүгү болуп саналат. ABC программасы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө COVID-19га жооп кайтарууну колдоо үчүн Корея өкмөтүнүн кызматташуу стратегиясынын ишенимин бекемдөөнүн алкагында ишке ашырылууда.

Жабдууларды тапшыруу салтанатына Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вондже, КР саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев, Санитардык-эпидемиологиялык борбордун жетекчиси Рыспек Сыдыгалиев ошондой эле Эл аралык миграция уюмунун Кыргызстандагы миссиясынын башчысы Зейнал Гаджиев катышты.

«COVID-19 пандемиясы санитардык-карантиндик пункттардын ишин жакшыртуу зарылдыгын көрсөттү. Адамдардын мобилдүүлүгү жогорулаган мезгилде Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматтын техникалык жабдылышы коркунучтуу инфекцияларга өз убагында чара көрүүгө жана чектөөгө өбөлгө түзөт». — деп баса белгиледи ЭМУнун Кыргызстандагы миссиясынын башчысы Зейнал Гажиев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>