Көчмөндөр оюндарына даярдык: 22-августта Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылатКыргызстанда санкция тобокелдигинен улам 19 компания мажбур менен жабылышы мүмкүнБишкекте батир алдамчылыгына шектүү жаран кармалдыБаланын медициналык картасы «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүү болду — пилоттук долбоор Нарында башталдыМектептерде 8-класстар үчүн биология, химия боюнча профилге чейинки даярдоо сабактары киргизилетБишкекте ири соода борборлор жана базарлар 31-августтан 2-сентябрга чейин жабылат
Даниэл Ажиевдин акыл-эси ордунда эмес деп табылды
29.08.2020 | 13:22
Улут аралык кастыкты козутууга айыпталып жаткан Даниэл Ажиев акыл-эси ордунда эмес деп табылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттиги өздүк булактарына таянып жазып чыкты.
Ага ылайык, мындай корутунду соттук-психиатриялык экспертиза тарабынан чыгарылган.
“Корутунду чыккандан кийин кылмыш иши жабылды. Даниэль Ажиевди мажбурлап дарылоого жөнөтүү үчүн ИИМ материалдарды сотко өткөрүп берди. Сот айыпталуучуну Жаңы-Жер айылындагы психиатриялык клиникага жөнөттү”,– деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом