logo
press@reporter.kg
  • facebook
  • odnoklassniki
  • twitter
  • instagram
  • telegram

Даниэл Ажиевдин акыл-эси ордунда эмес деп табылды

Даниэл Ажиевдин акыл-эси ордунда эмес деп табылды

Улут аралык кастыкты козутууга айыпталып жаткан Даниэл Ажиев акыл-эси ордунда эмес деп табылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттиги өздүк булактарына таянып ​​жазып чыкты.

Ага ылайык, мындай корутунду соттук-психиатриялык экспертиза тарабынан чыгарылган.

“Корутунду чыккандан кийин кылмыш иши жабылды. Даниэль Ажиевди мажбурлап дарылоого жөнөтүү үчүн ИИМ материалдарды сотко өткөрүп берди. Сот айыпталуучуну Жаңы-Жер айылындагы психиатриялык клиникага жөнөттү”,– деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>