Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Бишкекте алгачкы 17 жаңы YUTONG автобусу каттамга чыкты
17.09.2026 | 09:44

Бишкекте 17-сентябрда алгачкы 17 жаңы YUTONG автобусу каттамга чыгып, жүргүнчүлөрдү ташый баштады. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.
Автобустар ишин эртең мененки саат 5:00дө баштады. Жаңы транспорттор №153 каттамга багытталды, ал эми буга чейин аталган каттамды тейлеп келген автобустар шаардын башка линияларына кайра бөлүштүрүлдү. Мэриянын демилгеси менен Бишкекке жалпысынан кондиционерлер менен жабдылган, узундугу 12 метрлик 95 жаңы YUTONG автобусу алып келинген.




Калган автобустар этап-этабы менен линияга чыгарылып, шаардын башка каттамдарына бөлүштүрүлөт.
Мэриядан белгилешкендей, жаңы транспорттун ишке киргизилиши борбор калаанын каттамдарындагы заманбап коомдук транспорттордун санын көбөйтүүгө, жүргүнчүлөр үчүн шарттарды жакшыртууга жана тейлөө сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат