Кылмыштан жабыркаган балдар кайра-кайра суракка алынуудаЭрте никеге туруу туруктуу көйгөй бойдон калууда — акыйкатчыБишкекте Kaspi эсептерин ачуу үчүн кыргызстандыктарды азгырган схема аныкталдыОш шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн тышын актап-сырдоо иштери жүрүүдөБишкектин Кара-Жыгач конушунда №91 мектептин жаңы окуу корпусу салынуудаЧүйдөгү интернатта өспүрүмдүн сабалганы милициядан жашырылган
Дем алыш күндөрү Бишкекте корей кимчи фестивалы өтөт
24.10.2025 | 20:15

Эртең, 25-октябрда, борбор калаада корей маданиятынын күйөрмандары үчүн жагымдуу майрам — Кимчи фестивалы өтөт.
Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, иш-чараны Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги уюштурууда.
Фестиваль учурунда коноктор корей улуттук тамактарын даамдап, салттуу кийимдерди кийип, корей маданияты жана каада-салттары менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Иш-чара Курманжан датка эстелигинин алдындагы аллеяда саат 10:00дөн 17:00гө чейин өтөт, ал эми расмий бөлүгү саат 14:00дөн 15:00гө чейин болот.
Бишкек мэриясы шаардыктарды дем алыш күндөрдү даамдуу, кызыктуу жана маданий маанайда өткөрүүгө чакырат.