Ишкер айым Токтобүбү Оргалча алдамчылыкка шектелүүдө

Ишкер айым Токтобүбү Оргалча алдамчылыкка шектелүүдө

Ишкер айым Токтобүбү Оргалчага алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул маалыматты Reporter.kg’ге Бишкек шаардык сотунан ырасташты.

Маалыматка караганда, Токтобүбү Оргалчага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту, 4-бөлүгүнүн 1-пункту (алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

25-октябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Токтобүбү Оргалчанын бөгөт чарасы каралган. Бишкек шаардык милициянын улук тергөөчүсү сотко ишкер Токтобүбү Оргалчанын кармалышынын мыйзамдуулугун кароо жана камакка алуу өтүнүчү менен кайрылган. Бирок сот ишкер айымды үй камагына чыгарган. Ал 23-октябрга чейин үй камагында болот.

Белгилей кетсек, Токтобүбү Оргалча — Кытайдан келген этникалык кыргыз. 1972-жылы Кытайдын Кызылсуу-Кыргыз автономдук аймагында туулган. Кийин Кыргызстанга келип өлкө жарандыгын алган. Кыргызстанда «Шыдыр Жол Кей Джи» жана «Мега Компани» компанияларын түзгөн.

Ал 2021-жылы Жогорку Кеңешке депутат болууга ат салышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>