Депутат Азия оюндарынын жеңүүчүлөрү менен жолугушту

Депутат Азия оюндарынын жеңүүчүлөрү менен жолугушту

Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты  Мейкинбек Абдалиев Азия оюндарында ийгилик жараткан Кыргызстандын ушу-саньда боюнча улуттук курама командасын кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Эл өкүлү Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн Азия чемпионатында коло медаль уткан спортчулар Авазбек Аманбеков, Темирлан Аманкулов жана Азия оюндарынын катышуучусу Куан Абдраимовго Жогорку Кеңештин Ыраазычылык катын тапшырды.

Депутат Мейкинбек Абдалиев спортчуларды жеңиши менен куттуктап,  эл аралык аренада кыргыз желегин желбиреткени үчүн ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, Кытайдын Ханчжоу шаарында Азия континентинен 45 өлкө катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат.

Спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>