Видео: Жалал-Абадда 8 жолу бычак жеген жаран президентке кайрылды

Видео: Жалал-Абадда 8 жолу бычак жеген жаран президентке кайрылды

Быйыл 7-сентябрда Жалал-Абад шаарындагы ресто-бардын алдында 35 жаштагы жаранга 8 жолу бычак сайган жаран үй камагына чыгарылган. Бул тууралуу бычактан жараат алган жаран билдирип, президентке кайрылуу жасады.

Анын айтымында, ал учурда балдак менен басып жүрөт. Шаардык сот ага бычак сайган шектүүнү жана шектүүнүн жанындагы балдарды үй камагына чыгарып койгон.

«Урматтуу президентибиз Садыр Жапаров, мен азыр Жалал-Абад шаардык сотунун алдында турам. Эки күндөн бери балдак менен жүрөм. Мен 7-сентябрда 8 жолу бычак жегем. Байышов деген сот бычак сайган балдарды камабай, «майда бейбаштык» деп үй камагына чыгарып койду. Бизди иш бөлмөсүнө да киргизбей койду. Мамлекетибизде, Жалал-Абад шаарында чындык кайда калды!? Прокурорлор бизди карабай койду. Каякка барабыз? Азыр балдак менен жүрөм, майып болуп калдым. Урматтуу президент Жалал-Абаддагы сотторду карап коюуну суранам», — дейт ал.

Эскерте кетсек, буга чейин милиция кабарлагандай, 7-сентябрга караган түнү Жалал-Абаддагы ресто-бардын алдында 35 жаштагы жаранга белгисиз жаш жигит бир нече жолу бычак сайып, анын айынан жабыркаган адам оор абалда ооруканага түшкөн.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинин (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Милиция кылмышка шектүү катары Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын 19 жаштагы Б.Б. аттуу тургунун кармаган.

Видео: Жалал-Абадда жаш жигит тургунга 8 жолу бычак сайган. Окуянын чоо-жайы

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>