Керектөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылды
Депутат Бакиров Ташиевдин сөгүнгөн сөзүнө жооп берди – видео
17.11.2022 | 19:11
Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин кыргыз-өзбек чек ара маселеси каралып жаткан жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кайым айтыша кетти.
Кайым айтыш учурунда Камчыбек Ташиев Бакировго карата сөгүнгөн.
Депутат Өмүрбек Бакиров Ташиевдин сөгүнгөнүн жыйындар залынан чыгып кеткенден кийин, интернеттен көрүп калганын айтып, ага жооп берди.
“Энени айтып сөгүнүп жатпайбы. Бул намыска тиет, ашыкча болуп кетти. Мамлекеттик кызматкер, мамлекеттик жетекчи адам андай сүйлөбөш керек. Эл өз баасын берет. Бирок аял кишини, энени сыйлаганын ушул жерден көрсөтүп койду. Аял кишиге, энеге болгон мамилесин көрсөттү. Кандай болсо да, Кудай өзү тараза”, – деди ал.
Мени бышырып жегиле: Бакиров менен Ташиев айтыша кетти (видео)
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом