Депутат «балага сүйүнчүнү» 50 миң сомго чейин көбөйтүүнү сунуштады

Депутат «балага сүйүнчүнү» 50 миң сомго чейин көбөйтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова «балага сүйүнчүнү» 50 миң сомго чейин көтөрүүнү сунууштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 30-сентябрда парламенттеги «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде көчмө жыйын өткөргөн.

Анда депутат Нарматова бир катар социалдык маселелерди көтөрүп, социалдык жөлөкпулдарды берүү тартибиин кайра карап чыгууну, «балага сүйүнчү» жөлөкпулун 50 миң сомго чейин көтөрүүнү, жалгыз бой энелерге жардам көрсөтүү боюнча программаны иштеп чыгууну сунуштаган.

Ошондой эле ал эмгек мигранттарына алардын укуктары тууралуу диаспора, активисттер жана социалдык тармактар аркылуу маалымат берүү иштерин жүргүзүү керектигин билдирген.

Эскерте кетсек, учурда Кыргызстанда «балага сүйүнчү» жаңы төрөлгөн ымыркайга 4 миң сом өлчөмүндө берилет. Эгер үч эм (же андан ашык) төрөлгөн учурда ар бир наристеги 50 миң сомдон «сүйүнчү» тапшырылат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>