Депутат:  Баткенде 27 дарыгерге убадаланган компенсация төлөнө элек

Депутат:  Баткенде 27 дарыгерге убадаланган компенсация төлөнө элек

Жогорку Кеңештин депутаты  Чолпон Султанбекова 11-майдагы парламенттин жыйынында айрым алыскы райондордун дарыгерлерине пандемия учурунда каралган компенсациялар төлөнбөй жаткандыгын айтып, Саламаттык сактоо министрлигинин алдына маселе койду. Бул тууралуу  парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы дарыгерлердин 27 өкүлү пандемияда тикесинен — тик тура иштесе да, аларга убадаланган компенсациялык каражаттар эмдигиче бериле элек. Мындай көрүнүш Лейлек районунда да жолугаары айтылууда. Маселени ыкчам чечүү чараларын Министрлер кабинетине тапшырууну талап кылдык”, — дейт депутат.

Төлөнө элек компенсациялар тууралуу маселени мындан 3 ай мурда эле көтөргөнбүз. Жакында эл менен жолугушууга барганда азыркыга чейин бул каражат маселесинин жөнгө салынбай келе жатканын билдик. Төлөмдөрдү кечиктирүүгө болбойт”, — деп белгиледи Ч.Султанбекова.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Дарыгер

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>