Кош бойлуу аялдар мамлекет берген жеңилдиктерди дээрлик колдонбойт

Кош бойлуу аялдар мамлекет берген жеңилдиктерди дээрлик колдонбойт

Кош бойлуу аялдар темир, фолий кислотасы жана башка дары-дармектерди 50 пайызга чейин арзандатуу менен алууга мүмкүнчүлүк берген арзандатылган рецепттерди дээрлик колдонушпайт. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду билдирди.

Маалыматка ылайык, январь айынан март айына чейин медициналык кызматкерлер калктын камсыздандырылган категориясына 377,9 миң жеңилдетилген рецепт жазып беришкен.

Рецепттердин максималдуу саны (32) камсыздандырылган жарандардын негизги социалдык категориясына – пенсионерлерге берилген. Ишке жарактуу калктын жана жеке ишкерлердин 22 пайызы, фермерлердин 12 пайызы, балдардын 7 пайызы, студенттер жана социалдык жөлөкпул алгандар жеңилдетилген дары-дармектерди сатып алуу укугун пайдаланышкан. Ал эми кош бойлуу аялдардын 1 пайызы гана бул жеңилдикти пайдаланышкан», — деп белгилейт фонддон.

Бардык сатылган жеңилдетилген рецепттер үчүн дарыканаларга 72 миллион сомдон ашык компенсация төлөнүп берилгенин кошумчалашты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>