ФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюштуТүрк мамлекеттери саламаттык сактоо боюнча 2026–2027-жылдарга план бекитиштиКыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жеттиӨлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолу
Депутат: Кара-Дөбө айылында окуучулар түрмөдө окуп жатышат
03.02.2022 | 12:19
Баткен облусунун Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дөбө айылынын окуучулары түрмөдө окуп жатышат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов парламенттин жыйынында билдирди.
“Баткен облусунун Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дөбө айылында Бабур орто мектеби 100 жылы мурун түрмө салынган экен. Азыр окуучулар ошол түрмөдө окуп жатышат. Элдин саны ушул айылда 10 миңден ашып кетти. Анысы аз келгенсин бала бакча да жок. Мектеп дагы долбоорго киргени менен азыркыга чейин жылыш жок экен”– деди депутат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар