Депутат Кыргызстанды доллардан баш тартууну сунуштады

Депутат Кыргызстанды доллардан баш тартууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Айсара Абибаева Министрлер кабинетин доллардан баш тартууга чакырып, атайын токтом чыгарууну сунуштады.

Министрлер кабинети атайын токтом чыгарып доллардан баш тартуу керек. Себеби, доллардан баш тартпасак, андан көз каранды болуп калдык. Бардык жашоо-турмушубуз ошого байланып калды. Айрыкча насыя алгандар. 80-90 пайыз эл насыя менен жашайт. Улуттук банктын деле өзүнчө мыйзамы бар экен. Ага ылайык, насыялар жалаң сом менен гана жүрүшү керек экен. Ага баш ийбей эле коммерциялык банктар доллар менен насыя берип жатышат. Ошондуктан Улуттук банкты карап отура бербей, өкмөт өз “прогноздорун” жасап эле, Украинадагы абалды эске алуу менен өкмөт чечимдерди кабыл алса болот”— деди депутат.

Ушул тапта АКШ доллары 106 сомдон сатылып, сатып алуу 103 сомго жетти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>