«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталдыЖаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя берген
Кыргызстанда 2026-жылы сабизден рекорддук түшүм күтүлүүдө
02.10.2026 | 14:05

2026-жылы республика боюнча жашылча өсүмдүктөрү 37 771 гектар аянтка себилди. Анын ичинен сабиздин айдоо аянты болжол менен 7,6 миң гектарды түзөт.
Салыштыруу үчүн, 2025-жылы сабиз 7 332 гектар аянтта өстүрүлүп, орточо түшүмдүүлүк гектарына 259,9 центнерди түзгөн.
Быйыл аба ырайынын ыңгайлуу болушу жана агротехникалык иштердин өз убагында жүргүзүлүшү сабиздин түшүмдүүлүгүнө оң таасирин тийгизүүдө. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2026-жылы сабиздин орточо түшүмдүүлүгү гектарына 300–310 центнерге жетип, жалпы түшүм 235–245 миң тоннаны түзүшү мүмкүн.
Белгиленгендей, мындай көлөм ички рыноктун сабизге болгон керектөөсүн камсыздап, калктын суроо-талабын негизинен ата мекендик өндүрүштүн эсебинен канааттандырууга мүмкүндүк берет.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: минсельхоз