Депутат мал-жандыкка салык киргизүүнү сунуштады

Депутат мал-жандыкка салык киргизүүнү сунуштады

Кыргызстанда мал-жандыкка салык киргизүү сунушталды. Мындай сунушун бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев билдирди.

Ал учурда, айылда жарандардын үйүндөгү шарттар оңолгонун айтты. Ал билдиргендей, статистика боюнча Кыргызстанда 2 млн жакын ири мүйүздүү мал, 700 миңге жакын жылкы, 8 млн ашык кой бар.

«Кудайга шүгүр, айыл жергесинде элибиз байыды, үчтөн-төрттөн унаалары бар. Айылдагылар шаардагылардан кем эмес жашап калды. Мен да айылдык баламын. Жылкыга, ири мүйүздүү мал, койго салык киргизүү тууралуу оюмду айткым келет. Учурда жылкынын орточо баасы – 70-100 миң, ири мүйүздүү малдыкы – 60-80 миң сом жана койдуку – 12-18 миң сом. Койго жылына 100 сомдон, ири мүйүздүү мал менен жылкыга 250 сомдон салык киргизсек, айыл өкмөттөргө 1,5 млрд сом каражат түшөт», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>