Депутат насыя төлөөдө үйлөрүнөн ажыраган адамдар менен жолукту

Депутат насыя төлөөдө үйлөрүнөн ажыраган адамдар менен жолукту

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев 17-мартта жеке менчик банктардан жана микро кредиттик компаниялардан жабыркаган жарандар менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында “Оптима”, “МБАНК” (“Кыргызстан Коммерциялык банкы”), “Компаньон”, “Бай-Түшүм Банкы”, “Капитал плюс”, “UCH Сredit” жана башка микрокредиттик компаниялардан кредит алып, үстөк акылары алган акчаларынан эки-үч эсе көп төлөп, күрөөгө коюлган турай жайларынан ажыраган жарандар арыз-муңун айтты.

Эл өкүлү бул маселе боюнча атайын топ түзүп, мыйзамдын негизинде Жогорку Кеңештин, комитет жана фракциянын жыйындарына алып чыгып, тиешелүү түзүмдөр менен биргеликте жолугушууда көтөрүлгөн маселелерди чечип берүүгө бардык күч-аракетин жумшарын убадалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>