Балыкчыда милиционер өспүрүм кызды сүзүп, качып кеткен. ИИМ үн катты

Балыкчыда милиционер өспүрүм кызды сүзүп, качып кеткен. ИИМ үн катты

Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында милициянын унаасы 11 жаштагы кызды сүзүп, жол кырсык болгон жерден качып кеткен окуядан кийин эки милиция кызматкери иштен алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Белгилүү болгондой, окуя 26-январда болгон. Белгисиз унаа 11 жаштагы кызды сүзүп кетип, окуя жеринен качып кеткен. 11 жаштагы кыз жергиликтүү оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылган.

Кийин  өспүрүм кызды сүзүп кеткен унаа шаардык милициянын унаасы экени маалым болгон. Аталган унаада эки милиция кызматкери — Балыкчы шаардык милициянын башчысы Бектур Осмонбаев жана анын иниси болгону аныкталган.

Аталган окуя боюнча Ички иштер министрлиги билдиргендей, бул факт ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынган. ИИМдин Ички иликтөө кызматы жүргүзгөн териштирүү иштеринин жыйынтыгы менен Балыкчы шаардык милициянын жетекчиси Бектур Осмонбаев менен анын иниси кызматтан алынган. Министрликтин маалыматы боюнча, Осмонбаевдин иниси кырсык болгон учурда унааны ал башкарып бара жатканын айткан.

ИИМден билдиришкендей, иликтөө жыйынтыкталганда, аталган эки милиционердин ички иштер органдарында мындан ары иштей-иштебей турганы боюнча маселе каралат.

Ошол эле учурда 26-январда унаа сүзүп кеткен кыздын атасы коомчулукка кайрылуу жасап, кырсык болгондо унааны шаардык милициянын башчысы Бектур Осмонбаев айдап бара жатканын жана ал мас абалда болгонун билдирип чыкты. Анын айтымында, Осмонбаев наркологиядагы текшерүүгө өзүнүн инисин жөнөтүп койгон.

Кызы оор абалда реанимацияда жатканын айткан ата президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, бул маселени көзөмөлүнө алып берүүнү суранган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>