Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү — Садыр ЖапаровСаламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы башчысы менен УКМК төрагасынын мурдагы орун басары пара алууга айыпталуудаКыргызстан боюнча 20 миңден ашык видеокөзөмөл камералары орнотулат — ИИМАнкаранын Борбор Азиядагы аскердик-өнөр жай комплекси: учкучсуз учактардан аскердик экосистемаларга чейинЧүй облусу гана эмес, бүтүндөй Кыргызстан өнүгүүдө — Болот ИбрагимовКөргөзмөлөр, улуттук тамак-аштар жана концерт: Бишкекте Чүйдүн 100 жылдык мааракеси белгиленүүдө
Араван районунда пахта терүү иштери башталды
25.09.2026 | 12:51

Ош облусунун Араван районунда пахта жыйноо иштери башталды. Быйыл район боюнча 1 252 гектар жерге пахта эгилген.
Айыл чарба министрлигинин маалыматында, быйыл түшүмдүүлүк гектарынан 60–70 центнерге чейин жетүүдө. Райондо негизинен кытайлык «Элита» сорту өстүрүлөт. Түшүм өндүрүүдө тамчылатып сугаруу ыкмасы, ал эми жыйноодо пахта терүүчү комбайндар колдонулууда.
Мекеме пахтанын сатуугы баасы дүйнөлүк биржадагы көрсөткүчтөргө жараша белгиленет. Чогултулган түшүм жергиликтүү кабыл алуучу ишканаларга өткөрүлүп, андан ары Кытай, Иран, Орусия жана башка өлкөлөргө экспорттолот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом