Депутат Талиева: Жогорку Кеңеш “базар, вокзалбы?”

Депутат Талиева: Жогорку Кеңеш “базар, вокзалбы?”

Жогорку Кеңеш “базар, вокзалбы?” Бул суроону Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева парламент жыйынында билдирди.

Жогорку Кеңеште Министрлер кабинети азыркы кырдаалдагы социалдык-экономикалык жагдайды карап жатышат. Талиева Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн жыйынга келип, бирок, жок болуп жатканына жини кашайды.

“Өкмөттө тартип барбы? Жол боюнча суроо берейин дедим эле. Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары чыгып кеткенине жарым сааттан ашты. Жок. Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы  Бакиров жок. Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Таабалды Тиллаев жок. Жогорку Кеңеш эмне “базар, вокзалбы?” Суроо берели десек жок болуп жатат. Тартип барбы, эмне? Бардык нерсе тартиптен башталат да. Кайда жүрүшөт, үйдө эмес же чүйдө эмес… Же жумушта эмес, же Жогорку Кеңеште эмес. Бул эмне деген эме, президентке айта барыңыз”-деди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>