БШК бекиткен президенттик шайлоонун календардык планындагы негизги даталар — чоо-жайы

01.10.2026 | 12:17
БШК бекиткен президенттик шайлоонун календардык планындагы негизги даталар — чоо-жайы — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) президенттин кезектеги шайлоосун даярдоо жана өткөрүү боюнча календардык планды бекитти. Добуш берүү 2027-жылдын 27-январына, шаршемби күнүнө белгиленди.

Белгилей кетсек, талапкерлерди көрсөтүү жараяны башталганы менен потенциалдуу талапкерлерден арыздар азырынча түшө элек.

Президенттик жарышка катышуу ниетин Кыргызстандын азыркы мамлекет башчысы Садыр Жапаров, КР ИИМинин мурдагы башчысы, Нарын жана Талас облустарынын экс-губернатору Өмүрбек Суваналиев, ошондой эле прокуратуранын мурдагы кызматкери жана Финансы полициясынын экс-жетекчиси Сыймык Жапыкеев ачык жарыялашты.

Календардык планга ылайык, шайлоо өнөктүгүнүн негизги баскычтары 2026-жылдын күзүнөн 2027-жылдын февралына чейин созулат.

Негизги даталар:

  • 2026-жылдын 8-ноябрына чейин — tizme.gov.kg мамлекеттик порталына участкалар боюнча шайлоочулардын алдын ала тизмеси жайгаштырылышы керек;
  • 13-ноябрга чейин — президенттикке талапкерлерди көрсөтүү аяктайт. Талапкерлерди жарандар (өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен) жана саясий партиялар көрсөтө алышат;
  • 2026-жылдын 18-ноябрынан 2027-жылдын 12-январына чейин — шайлоочулар тизмеден ката же так эместиктерди тапкан учурда өздөрүнүн маалыматтарын тактоо үчүн арыз бере алышат;
  • 28-ноябрга чейин — шайлоо комиссиялары жана ЖӨБ органдары майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарынын картасын түзүшү керек. 8-декабрга чейин добуш берүү жайлары алардын талаптарына шайкештиги боюнча текшерилет, ал эми 18-декабрга чейин участкалардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча чаралар көрүлүшү зарыл;
  • 8-декабрга чейин — талапкерлер же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү талапкерди колдогон кол тамгалар коюлган кол топтоо барактарын тапшырышы керек. БШК алардын аныктыгын тапшырылгандан кийин он күндүн ичинде текшерет;
  • 13-декабрга чейин — талапкерди каттоо үчүн документтер БШКга тапшырылышы кажет. Комиссия документтерди текшерип, толук топтом алынгандан кийин он календардык күндүн ичинде каттоо жөнүндө чечим кабыл алат;
  • 23-декабрга чейин — БШК президенттикке талапкерлерди каттоону аякташы керек. Бардык талапкерлер катталгандан кийин шайлоо бюллетениндеги кезегин аныктай турган чүчүкулак өтөт;
  • 2026-жылдын 23-декабрынан 2027-жылдын 26-январы саат 8:00гө чейин — шайлоо алдындагы үгүт иштеринин мезгили. Бул убакытта талапкерлерге, саясий партияларга жана жарандарга үгүт жүргүзүүгө жана шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүгө уруксат берилет;
  • 2027-жылдын 2-январына чейин — БШК шайлоо бюллетенинин текстин бекитиши керек;
  • 12-январга чейин — шайлоочулардын тизмедеги маалыматтарды тактоо боюнча арыздарын берүүнүн акыркы күнү. Жабдуулар топтомун даярдоо үчүн электрондук форматтагы акыркы тизмелер 17-январга чейин өткөрүлүп берилиши керек, ал эми 20-январдан кечиктирилбей алардын экинчи нускасы участоктук комиссияларга жайгаштырылат;
  • 17-январга чейин — талапкер БШКга мындан ары шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыз бере алат. Ушул эле мөөнөткө чейин талапкерлер шайлоо фондунун каражаттарынын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө биринчи каржылык отчетун тапшырууга тийиш;
  • 22-январдан баштап — коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктарын, шайлоонун жыйынтыктарынын болжолдоолорун жана шайлоого байланышкан башка изилдөөлөрдү ЖМКларда жарыялоого жана чагылдырууга тыюу салынат. Чектөө добуш берүүгө чейинки акыркы беш календардык күндө жана шайлоо күнү колдонулат;
  • 24-январга чейин — шайлоо участкасына келе албаган шайлоочулар добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө арыз тапшырышы керек. Ушул эле мөөнөткө чейин эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо аяктайт;
  • 26-январь — мыйзамда каралган шайлоочулардын категориялары үчүн добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү саат 8:00дөн 20:00гө чейин жүргүзүлөт;
  • 27-январь — шайлоонун негизги күнү. Кыргызстандагы шайлоо участкалары саат 8:00дөн 20:00гө чейин иштейт. Өлкөдөн тышкары жерлерде да добуш берүү саат 8:00дөн 20:00гө чейин, бирок ошол мамлекеттин жергиликтүү убактысы боюнча өтөт.

Участоктор жабылгандан кийин участоктук шайлоо комиссиялары дароо добуштарды саноого киришет. Саноо добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылганга чейин тыныгуусуз жүргүзүлүшү керек.

БШК ар бир участок боюнча алдын ала маалыматтарды келип түшүшүнө жараша өз сайтына жайгаштырып турат. Бул маалыматтар юридикалык күчкө ээ эмес.

Ар бир шайлоо участкасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдор БШКнын сайтына 14-февралга чейин, ал эми аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдору 15-февралга чейин жарыяланышы керек.

Президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгын БШК 2027-жылдын 17-февралынан кечиктирбей аныктоого тийиш.

Анара Мамытова

Scroll to Top