Депутат памирлик кыргыздарды жумушка орноштурууга жана адаптациялоого көмөк көрсөтүүгө чакырды

30.09.2026 | 12:03
Депутат памирлик кыргыздарды жумушка орноштурууга жана адаптациялоого көмөк көрсөтүүгө чакырды — Новости Кыргызстана

Кыргызстанга көчүп келген памирлик кыргыздарды жумушка орноштуруу жана алардын жаңы шарттарга адаптация болушу боюнча иштерди күчөтүү зарыл. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанга көчүрүлүп келген памирлик кыргыздардын көпчүлүгү Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондорунда жашайт. Алардын коомго аралашуусу үчүн бир катар иштер жүргүзүлүп, балдары мектептерде билим алууда. Чоңдор үчүн кыска мөөнөттүү окуулар уюштурулуп, жумушка керектүү көндүмдөрдү өздөштүрүүгө жардам көрсөтүлүүдө.

Ошол эле учурда парламентарий мамлекет аларга дайыма материалдык жардам көрсөтүп тура албасын белгиледи. Ошондуктан памирлик кыргыздар өз үй-бүлөсүн өз алдынча камсыздай алышы үчүн жумуш орундарын түзүп, тиешелүү шарттарды түзүү зарыл.

«Алай жана Чоң-Алай райондорунда жашаган памирлик кыргыздарды иш менен камсыз кылууга жана алардын күнүмдүк жашоого ыңгайлашуусуна жардам бере турган иштерди жүргүзүүгө көңүл бурсак», — деди депутат.

Эл өкүлүнүн айтымында, жүргүзүлүп жаткан окутууларга карабастан, көчүп келгендердин айрымдары күнүмдүк турмушта зарыл болгон көндүмдөрдү, анын ичинде унаа айдоону өздөштүрүүдө кыйынчылыктарга туш болууда.

Депутат тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн памирлик кыргыздарды иш менен камсыз кылууга жана алардын коомго мындан ары да адаптация болушуна өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Scroll to Top