Депутат Жакышов : Айып пулдар айдоочулардын кыжырын кайнатып жатат

Депутат Жакышов : Айып пулдар айдоочулардын кыжырын кайнатып жатат

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде депутат Руслан Жакышов Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов коопсуз шаар долбоорунун алкагында видеобайкоолор аркылуу айып пулдун көлөмүн айтып нааразы болду.

“Силер коопсуздук боюнча жакшы жардам берет деп видео байкоолорду коюп жатасыздар. Бирок, силер элдин чөнтөгүн ойлогон жоксуңар. Бишкек шаарында 1 млн. унаа болсо, бардыгы айыпка жыгылган. Эң аз дегенде 10 миң, 30 миң сом айып кагазы бар.  Социалдык чыңалуунун бирден-бир жолу ушул. Мен сизге бир эле мисал айтайын, Дэн Сяопин менен Садыгалиев көчөсүнүн кесилишиндеги жол өзү мамлекеттик стандартка жооп бербейт. Ошол жерде кош паласа бар экен. Паласанын сыры кетип, өчүп калган, бир күнү 3 жолу тебелеген экен 5 миң 500 сомдон болгон 16500 сом айыпка жыгылган. Бир күндө болгон окуя. Анын алган айлыгы 9,500 сом. Андайлар шаарда толтура. Силер мындай жол менен кылмыштуулук менен эмес, элдин чөнтөгүн “кагып” иштеп жатасыздар. Айып жарандардын айлыгы менен жашоо шартына туура келбейт. Чөнтөгүбүзгө жараша иш кылбайлыбы? Башкалаанын жолу атайын стандартка дал келбейт. Бишкек шаары ССР маалында 500 миң кишиге эсептелген. 1,5 млн. киши жашап жатат. Жол тар. Жол тыгын укмуш”— деди депутат.

Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов видеобайкоолор жол кырсыктын алдын алып, тартипке салып жатканына токтолду.

“Айып пул салык эмес. Жол эрежесин бузбаса эч кандай айыпка жыгылбайт. Жол эрежесин сактап, тартипти сактаган ыкма. Видеобайкоолор турган аймактарда жол кырсыгы кескин кыскарган. Бирок, булар аз. Бишкек шаарынын 1,5 пайызын эле камсыздайт. Сиз айтып жаткандай, айрым жерлерде туура эмес айыптар салынып кала турган болсо, бул үчүн атайын комиссия карап иштейт. 9533 жаран айып кагазга макул болбой кайрылган, анын 7200сү чындыгында туура эмес айыптар салынып калган” – деи Исраилов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>