Ошто медициналык борбордун курулушунан мыйзам бузуулар аныкталды

29.10.2026 | 10:56
Ошто медициналык борбордун курулушунан мыйзам бузуулар аныкталды — Новости Кыргызстана

Ош облусунун Араван айылында курулуп жаткан үч кабаттуу медициналык борбордун курулушунда мыйзамсыз кошумча курулуш иштери жүргүзүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматында, кошумча курулуш бекитилген долбоордо каралген эмес. Мыйзам бузуу фактысы боюнча объектке жооптуу «Дельта-Лот» ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынып, кемчиликтерди долбоорго ылайык келтирүү боюнча көрсөтмө берилди.

Текшерүүнү Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы жүргүзгөн.

Scroll to Top