Депутаттар чек арада үйсүз калган баткендиктер менен жолугушту

Депутаттар чек арада үйсүз калган баткендиктер менен жолугушту

Жогорку Кеңештин «Элдик» депутаттык тобу 28-январда Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган айылдарды кыдырышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алгач Акылбек Түмөнбаев баштаган «Элдик» депутаттык тобунун мүчөлөрү Жалолидин Нурбаев, Нурлан Ражабалиев, Максатбек Сарбагышев, Тазабек Икрамов жана Чыңгыз Ажибаев Миң-Өрүк айылында талкаланган үйлөрдүн ордуна салынып жаткан жаңы тамдардын курулушу менен таанышты.

Алсак, 37 үйдүн курулушу башталып, анын жетөө пайдаланууга берилген. Жакынкы аралыкта калган 30 үй да ээлерине тапшырылып, экинчи этапта 17 үй салынары күтүлүүдө.

Жергиликтүү тургундар менен да баарлашуу маалында чек араны бекемдөө маселеси көтөрүлүп, жолдорду оңдоо жана жарыктандыруу өңдүү бир катар социалдык көйгөйлөрдү чечүү зарылчылыгы айтылды.

Андан тышкары, депутаттар Ак-Сай жана Капчыгай айылдарынын тургундары менен да жолугушуп, талаптарын угушту. Айрым тургундар чек ара жаңжалында жабыркаган тамдарды куруу иши кечеңдеп жатканын жана кээ бир субподрядчылардын ишмердүүлүгүнө нааразычылыктарын билдиришти.

Ошондой эле коогалаңда жоголгон үй мүлктөрүн да калыбына келтирүү маселесин чечүүгө да көмөктөшүүнү өтүнүштү. Өз кезегинде депутаттар айтылган бардык талаптын аткарышын көзөмөлгө алышарын жана айрымдарын Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүшөрүн билдиришти.

Мамлекет Баткен облусуна, анын ичинен чек арага чектеш айылдарга өзгөчө көңүл буруп жатканын айткан депутаттык топтун лидери Акылбек Түмөнбаев: «Биргелешкен аракет менен гана бардык кыйынчылыктарды жеңебиз», — деди.

Муну менен катар депутаттар ар бир суроого жооп беришип, жыйын жүрүшү протоколго түшүрүлдү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>