Депутаттын сунушу парламентте талаш жаратты – видео

Депутаттын сунушу парламентте талаш жаратты – видео

Жогорку Кеңештин депутаты, вице-спикер Жамиля Исаева балдардын ден соолугуна, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтире турган  маалыматтарды таратууга чектөө киргизүүнү сунуштап жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи окууда талкууланды.

Баяндама жасаган Жамиля Исаеванын айтымында, мыйзам долбоору балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу максатында интернет булактарында, массалык маалымат каражаттарында жарыяланып жаткан материалдарда жаш курактарын эске салган билдирүүлөрдүн милдеттүү болушун шарттайт.

Демилгечи депутат кошумчалагандай, турмуштук тажрыйбасынын жоктугунан, чыңдала элек психикасынын айынан, бала компьютер оюндары, уюлдук байланыш, жарнама, өзгөчө “Интернет” тармагы аркылуу башкаларга караганда көбүрөөк таасирге кабылууда. Андыктан, сунушталган мыйзам долбоору маалымат-коммуникациялык тармактарында балдардын маалымат коопсуздугун камсыздоо маселелерин чечүүгө багытталган.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев ата-эненин балдарды тарбиялоодогу, жаман маалыматты жакшы менен ажырата билүүнү үйрөтүүдөгү жоопкерчилигин эске салды. Ошону менен бирге эл өкүлү ишке ашыруунун так механизми жок демилгелер цензурага, коомдун деградациясына алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.

“Бул мыйзамга TikTok же  Instagram сыяктуу социалдык тармактар эмес, кино тарткан адамдар, ЖМК, китеп жазгандар туш болушат. Маалымат балага зыян алып келеби же жокпу аны милиция аныктайт экен. Бул мыйзам долбоор колдоо табарына күмөнүм жок. Бирок, бул мыйзам долбоор кабыл алынса, Кыргызстан Афганистанга айланып кетиши мүмкүн. Бул мыйзам коомду деградацияга алып келет”, — деди ал.

Ал эми депутат Шайлообек Атазов Кыргызстан эч качан Афганистан болбой турганын белгиледи.

 «Бул мыйзам биз үчүн, кыргыздар үчүн. Арабызда отуруп алып, чет элдик концепцияны колдогондор биз Афганистан болобуз деп жатышат. Эч качан болбойт! Тескерисинче, балдарыбызды мындай жол менен жүрбөөгө үндөгөн маалыматка чектөө киргизебиз. Улутту сактоого эң керектүү мыйзам», — деди депутат.

Эл өкүлү Балбак Түлөбаев кесиптешин колдоду.

«Эмне үчүн биз башка өлкөлөрдүн баалуулуктарын карап жашашыбыз керек. Мисалы, Германия менен Кыргызстандын мончого түшүү маданиятын салыштырып болобу? Биздин баалуулуктарды оңдой турган мыйзам иштелип чыкса, эмнеге колдобошубуз керек? Мыйзамды кабыл албасак, азыркы муун кандай чоңоюп калганына өзүбүз күнөөлүү болобуз», — деди депутат.

Бекешев депутаттар башка кесиптештеринин айткандарына тийишпеши керектигин айтты.

«Ар бир депутат өз оюн айтууга укуктуу. Бул жерде батыштын концепциясы деп айтып жатышат, анда аягына чейин баралы. Кесиптешим костюмун чечип, чапан кийсин, кымбат баалуу америкалык унаа айдабай, ат минип жүрсүн,  iPhone телефонун ыргытып салсын. Бул батыш эмес, бул — менин оюм”, — деди ал.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>