Ысык-Көлдө аялын сабап, өлүмгө жеткирген адам бошотулду. Жакындары акыйкаттык издөөдө

Ысык-Көлдө аялын сабап, өлүмгө жеткирген адам бошотулду. Жакындары акыйкаттык издөөдө

Ысык-Көл облусунда күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгон аялдын жакындары адилеттик издеп, президент Садыр Жапаровго, Жогорку соттун төрагасына жана башкы прокурорго кайрылышты.

«Сезим» кризистик борборунун директору Бүбүсара Рыскулованын айтымында, окуя былтыр май айында болгон. 9-майда күйөөсү мас абалында болуп, аялын катуу сабаган.

Окуя болгондон кийин уулу апасына телефон чалып, ала албай койгон. Андан соң атасына чалып, апасын сураган. Атасы «апаң уктап жатат» деп айткан. Эртеси баласы үйгө келгенде, апасы эс-учун жоготуп жатканын көргөн. Атасы мас болгон. Бала тез жардам чакырып, апасын ооруканага алып кетишкен. Эки күн өткөн кийин аял эсине келбей көз жумган.

Бүбүсара Рыскулова

Аталган окуядан кийин күйөөсү шектүү катары кармалып, бир жылдай тергөө абагында камакта болгон. Жакында эле Ысык-Көл райондук соту аялын аеосуз сабап, өлүмгө жеткирген адамды бошотуп жиберген.

26-майда сот айыпталуучуга өкүм чыгарып, 2 жылга соттогон. Сот айыпталуучу тергөө абакта (бир жыл отурган) кармалган бир күнүн эки күн деп эсептеп,  жазасын өтөдү деген негизде камактан чыгарган.

Сот чечим чыгарууда айыпталуучу «аффект абалында болгон» деген экспертизанын талаштуу жыйынтыгына таяганы айтылууда. Талаштуу дегенибиз, экспретиза үч жолу жасалган. Экспертизанын биринчи тыянагында шектүү «өзүн жоготкон эмес, өзүнүн кыймыл-аракетине жооп бере турган абалда болгон» деп айтылган. Арадан 7 ай өткөндөн кийин айыпталуучу тарап экинчи ирет экспертиза жасаткан. Ага ылайык, психиатрлар окуя болгон учурда айыпталуучу «акыл-эси өзүндө болгон» деп чыгарган. Ошол эле учурда психолог шектүү «аффект абалында болгон» деген тыянак берген.

Ага байланыштуу жабырлануучу тарап быйыл апрель айында кайра экспертиза жасаткан. Анда психологдор мурункудай корутунду берсе, психиатр «аффект абалында болгон» деген жыйынтык чыгарган.

Рыскулова соттун айыпкерге жеңил жаза берип, кое бергенине нааразы. Ал айыпталуучу аялын сабагандан кийин жардам бербей койгонун, мас абалында болгонун билдирип, мунун баары кылмышты оорлотуучу жагдай болсо да, сот аны эске албаганын айтат.

Ал эми, жактоочу Зиягүл Арналиеванын айтымында, аталган окуя боюнча кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен козголгон. Бирок сот өкүм чыгарганда, беренени өзгөртүп, «аффект абалында болгон» деген тыянакка таянып, айыпталуучуга жеңил жаза берип койгон. Анын негизинде айыпталуучу камактан чыккан.

Зиягүл Арналиева

Маркумдун сиңдиси Асел Сакешованын айтымында, эжеси менен жездеси 20 жыл бирге жашаган. Үч баланы тарбиялап чоңойтушкан.

Асел Сакешова

Ал билдиргендей, жездеси мурда да эжесине кол көтөрүп, уруп жүргөн. Кийин экөө ажырашып кеткен. Эжеси менен жездеси беш жылдай бөлөк жашаган. Ал ортодо жездеси башка аялга үйлөнүп алган. Кийин ал аялы менен ажырашып, эжесине келип, балдар чоңоюп калганын айтып, жарашууну сунуштаган. Эжеси бой жетип, турмуш кура турган балдарына «ата-энеси ажырашкан экен» деген сөз тийгизбейин деп, макул болгон. Ошол эле учурда, анын үй-бүлөсү кызынын мурдагы күйөөсү менен чогуу жашашын колдогон эмес. Алар кайра бирге жашап баштагандан 2-3 ай өтүп-өтпөй эжеси жездесинин ур-токмогунан каза болгон.

«Алар бош кошкондо мен 7-класста окучумун. Алардыкында көп жүрүп, балдарын багып калдым. Ошондо эле (жездеси – ред.) ичип алгандан кийин эжеме тынчтык берчү эмес. Биз айталы дегенде, эжем айттырчу эмес. Эми аягы ушундай болуп жатат. Чоңдорго кайрылам, соттун адилет чечим чыгаруусун карап берүүсүн суранам», — дейт ал.

Сакешова аялын сабап, өлүмгө чейин жеткирген адамдарга соттор акыйкат чечим чыгарып, татыктуу жаза бермейинче, аялга карата зомбулук токтобойт деген ойдо.

«Эжемди катуу сабап, өлүмгө жеткирип, болгону бир жыл отурду. Соттор камакта отурган бир күнүн эки күн деп эсептеп, «2 жыл отурду» деп бошотуп койду. Мен сот залынан эсимди жоготконго чейин бардым. Күйөөсүнүн запкысынан канчалаган келиндер өлүп жатат. Көрсө соттордун ушундай чечиминен кийин эркектерде «бир жыл отуруп чыгып кетем» деген ой пайда болот экен да. Аялын сабап өлтүрүп коюш оңой эле болуп калыптыр да…», — дейт көзүнө жаш алган Асел Сакешова.

Анын айтымында, эжесин сабап, өлүмгө жеткирген жездеси «Бакай Банкта» башкы бухгалтер болуп иштеген.

Учурда маркумдун жакындары райондук соттун чечимине арызданып, облустук сотко кайрылууну көздөп жатат. Ошол эле учурда, алар президент Садыр Жапаровго, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековго, башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, бул маселени көңүл сыртында калтырбай, айыпкер адилетүү жазасын алуусуна көмөктөшүүнү суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>