Президент V Элдик курултайды уюштуруу комитетинин курамын өзгөрттүКыргызстан санкция тобокелдиктери бар компанияларды жана банктык эсептерди жабуудаКыргызстанда крипторыноктун катышуучуларын текшерүү үчүн бирдиктүү платформа даярдалуудаАйпери Медет кызы Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыБишкекте мэриянын кызматкерлерине карата 44 материал иликтенип жататБишкек мэриясы: Валиханов көчөсүндөгү көпүрө жыл аягына чейин курулуп бүткөрүлөт
Диора Келдиерова жапон спортчусуна жаман сөз жазбоого чакырды
30.07.2024 | 11:45
Париждеги олимп оюндарынын алтын медаль ээси Диора Келдиерова мекендештерин жапониялык атааандашы Абэ Утанын социалдык тармактагы баракчасына жаман сөз жазбоого чакырды.
Ал спорт – бул сый-урмат экенин белгилейт.
“Мен бүгүн Абэ Утанын баракчасына жагымсыз комментарийлер жазылып жатканын билдим. Баарыңыздарды урмат менен мамиле кылууга чакырам. Биз – спортчубуз. Дзюдочулар – биз бир үй-бүлөбүз. Токтотуңуздар!”, – дейт ал.

Диора Келдиерова – Өзбекстанда гана эмес, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен Олимпиадада алтын уткан биринчи аял. Анын жеңишинен кийин өзбекстандыктар Абэ Утанын баракчасын “чабуулга” алышкан.
Жапон спортчусу Абэ Ута беш жылдан бери алгачкы жолу алтынга жетпей калды.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт