Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
«Дордой» конушундагы мушташтан кийин алты шектүү кармалды
10.08.2026 | 17:38

Бишкекте «Дордой» конушунун тургунуна кол салуудан кийин милиция бейбаштык фактысы боюнча алты шектүүнү кармады. Бул тууралуу борбор калаанын ИИББнин (Ички иштер башкы башкармалыгы) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 7-августта Свердлов райондук ИИБине калаа тургуну арыз менен кайрылып, инисине кол салуу болгонун билдирген. Окуя саат 04:30дар чамасында «Дордой» конушундагы көчөлөрдүн биринде болгон.
Текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр кармалды:
- И.А. (2008-жылы туулган);
- А.А. (2006-жылы туулган);
- А.М. (2006-жылы туулган);
- А.М. (2007-жылы туулган);
- А.Э. (2007-жылы туулган);
- жашы жете элек А.Т. (2008-жылы туулган).
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга (УКЖ) киргизилди.