Бишкекте курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынып, лицензиясы токтотулду

КР Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролу департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы Көк-Жар кичи районунун 7-Апрель көчөсү, 266/2 дарегиндеги курулуш объектисинин жанындагы жөө адамдар өтүүчү тротуардын бузулгандыгы тууралуу кайрылуудан кийин текшерүү жүргүздү.
Жер казуу иштеринин жүрүшүндө тротуар бузулуп, айрым тилкелеринде жаракалар пайда болгону аныкталды. Мындан тышкары көрктөндүрүү эрежелерин, коопсуздук талаптарын жана курулуш нормаларын бузуу фактылары аныкталган. Ошондой эле курулуш-монтаждоо иштери Мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине катталбастан жүргүзүлгөнү белгилүү болду.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен «Улан Строй Компани» ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Компаниянын лицензиясынын аракети 90 күнгө токтотулуп, ал эми компания өзү «кара тизмеге» киргизилди.
Ошондой эле прораб Б. уулу А. жана инженердик-техникалык кызматкерлер квалификациялык сертификаттарынан ажыратылды. Объектти көзөмөлдөгөн Мамлекеттик архитектура-курулуш контролу департаментинин инспектору ээлеген кызматынан бошотулду.
Мындан тышкары объекттин жумушчу долбоору жана шаар куруу корутундусу жараксыз деп табылды.
Департамент компанияны бузулган тротуарды толугу менен калыбына келтирүүгө милдеттендирди. Мекеменин маалыматы боюнча, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) жана ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери объектте оор жүк ташуучу атайын техникаларды колдонууга тыюу салып, аларга мөөр басышты.
Учурда жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында бузулган тилке тосулуп, кошумча жарыктандыруу менен жабдылды.
Курулуш министрлиги жарандардын коопсуздугу башкы артыкчылык бойдон каларын баса белгилеп, курулуш компанияларын курулуш нормаларын жана коопсуздук талаптарын так сактоого чакырды