Дүйнөдө 2 миллиарддан ашык адамдын көрүүсү начарлаган — ДСУнун маалыматы жана сунуштары

08.10.2026 | 10:38
Дүйнөдө 2 миллиарддан ашык адамдын көрүүсү начарлаган — ДСУнун маалыматы жана сунуштары — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 8-октябрда, Бүткүл дүйнөлүк көрүү күнү белгиленүүдө. Бул күн жыл сайын октябрь айынын экинчи бейшембисине туш келет жана көз ооруларынын алдын алууга, ошондой эле көрүү бузулууларын өз убагында аныктоого коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталган.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө кеминде 2,2 миллиард адамдын алысты же жакынды көрүүсү бузулган. Ошол эле учурда кеминде бир миллиард адамдын көрүүсүнүн начарлашынын алдын алууга мүмкүн болгон же аларды азыр да оңдоого (коррекциялоого) болот.

Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борбору билдиргендей, адистер көрүүнүн начарлашынын кеңири таралган себептери катары рефракциянын оңдолбогон бузулууларын, анын ичинде жакынды көрбөстүктү (миопия), алысты көрбөстүктү (гиперметропия) жана астигматизмди, ошондой эле катарактаны аташат.

Адистер төмөнкү бир катар эрежелерди сактоону сунушташат:

  • көрүүнүн начарлашына, көздүн оорушуна, көз алдында жарк эткен жарыктардын, тактардын жана башка адаттан тыш белгилердин пайда болушуна кайдыгер карабоо керек. Алар байкалганда өз убагында адиске кайрылуу зарыл;
  • зарыл болгон учурда адис тандап берген көз айнекти же көрүүнү оңдоочу башка каражаттарды колдонуу;
  • көрүүгө терс таасирин тийгизе турган өнөкөт оорулары бар адамдар сунушталган медициналык кароодон үзгүлтүксүз өтүп туруусу шарт;
  • балдардын көрүүсүнө көз салуу зарыл, анткени анын начарлашы билим алууга жана өнүгүүгө терс таасирин тийгизиши мүмкүн;
  • жигердүү кыймылда болуу, туура тамактануу жана чылым чегүүдөн баш тартуу.

Адистер көрүү жөндөмү жашоо сапатына, билим алууга, иштөөгө жана күнүмдүк иштерди өз алдынча аткарууга түздөн-түз таасир этерин эскертишет.

Көздү үзгүлтүксүз текшертип туруу ооруларды өз убагында аныктоого жана олуттуу кабылдоолор пайда болгонго чейин зарыл чараларды көрүүгө көмөктөшөт.

Теги: ВОЗ
Scroll to Top