Турак жай жана компенсациялар: КРда кооптуу аймактардан көчүрүүнүн жаңы тартиби сунушталууда

08.10.2026 | 11:00
Турак жай жана компенсациялар: КРда кооптуу аймактардан көчүрүүнүн жаңы тартиби сунушталууда — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда жарандарды потенциалдуу кооптуу аймактардан коопсуз райондорго көчүрүүнүн бирдиктүү механизмин бекитүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоорун КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарды.

Ведомствонун маалымкат-негиздемесинде Кыргызстандын аймагында жер көчкү, сел, ташкындар, суу каптоо, таш кулоо, кар көчкү жана техногендик авариялардын коркунучу сакталып келе жатканы белгиленет.

Демилгечилердин пикиринде, учурдагы коркунучтар өзгөчө кырдаалдар учурунда шашылыш эвакуациялоону гана эмес, туруктуу жашоо кооптуу болгон аймактардан адамдарды алдын ала көчүрүүнү да талап кылат.

Жаңы механизм мамлекеттик органдардын аракеттеринин бирдиктүү тартибин — кооптуу аймактарды изилдөөдөн баштап жарандарды жаңы жерге жайгаштырууга чейинки этаптарын аныктоого тийиш.

Көчүрүүгө төмөнкүлөр негиз боло алат:

  • активдүү жер көчкүлөр же алардын пайда болуу коркунучу;
  • сел агымдары;
  • суу ташкындары жана суу каптоолор;
  • дарыя жээктеринин урашы;
  • таш кулоолор жана тоо тектеринин урап түшүшү;
  • кар көчкүлөр;
  • адистердин жана тиешелүү комиссиялардын корутундулары менен тастыкталган башка коркунучтар.

Көчүрүү жөнүндө чечим кабыл алардан мурун инженердик-геологиялык, гидрологиялык жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүү каралган.

Адистер кооптуулуктун деңгээлин, аймактын чектерин, ал жерде жашаган жарандардын санын, мүмкүн болуучу чыгымдарды жана көчүрүү зарылдыгын аныктоого тийиш.

Эгерде адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч бар экени аныкталса, шашылыш же этап-этабы менен көчүрүү маселеси каралышы мүмкүн.

Долбоорго ылайык, көчүрүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин мамлекеттик органдар көчүрүлүүчү жарандардын жана үй-бүлөлөрдүн тизмесин түзүшөт. Мында үй-бүлөнүн курамы, жашы жете элек балдардын, кары-картаңдардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын бар-жогу эске алынат.

Биринчи кезекте калктын аярлуу катмарын, анын ичинде жаш балдарды, кош бойлуу аялдарды, улгайган адамдарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды көчүрүү сунушталууда.

Көчүрүү үчүн коопсуз аймактар ичүүчү суунун, электр энергиясынын, жолдордун, мектептердин, медициналык мекемелердин жеткиликтүүлүгү жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү эске алынуу менен тандалышы керек.

Жарандарды убактылуу жайгаштыруу зарыл болгон учурда, аларды турак жай, тамак-аш, ичүүчү суу, медициналык жардам жана башка биринчи кезектеги зарыл кызматтар менен камсыздоо каралган.

Долбоор ошондой эле көчүрүлгөндөрдү турак жай менен камсыздоонун бир нече механизмин камтыйт:

  • даяр турак жай берүү;
  • мамлекеттик же муниципалдык турак жай фондун пайдалануу;
  • курулуш үчүн жер тилкесин бөлүү;
  • Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жай сертификаттарын берүү;
  • турак жай курууга каржылык жардам көрсөтүү.

Мында жер жана турак жай берүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Долбоор жер тилкесин алуунун автоматтык укугун бекитпейт.

Эгерде көчүрүүгө байланыштуу жарандардын кыймылсыз мүлкү алынып коюлса, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык компенсация төлөнүп берилет.

Анын өлчөмүн аныктоодо мүлктүн укуктук макамы, аянты, техникалык абалы жана жайгашкан жери эске алынышы керек.

Компенсациянын өлчөмүнө, мүлктүн бааланышына же берилген турак жайга макул болбогон учурда, жарандар тиешелүү чечимдин үстүнөн административдик же сот тартибинде даттана алышат.

Мындан тышкары, долбоордун айрым жоболору туруктуу жашоо үчүн кооптуу деп таанылган аймактарга тиешелүү.

Мындай аймактарда мыйзамда белгиленген тартипте жаңы үйлөрдү курууга, учурдагы турак жайларды кеңейтүүгө жана реконструкциялоого, жер тилкелерин бөлүүгө жана калктын туруктуу жашоосуна чектөөлөр киргизилиши мүмкүн.

Кооптуу аймактардын чек аралары тууралуу маалыматтар мамлекеттик маалыматтык системаларда, кадастрдык жана шаар куруу документтеринде чагылдырылууга тийиш. Коркунучтун деңгээли өзгөргөн учурда, жаңы изилдөөлөрдүн негизинде аймактын макамы кайра каралышы мүмкүн.

Анара Мамытова

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top