Ош шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилдиЖапонияда Борбор Азияны бирдиктүү турпродукт катары илгерилетүү сунушталды
Дыйкан-фермерлерге дизель жеңилдетилген баада берилет
10.03.2025 | 11:45
Мамлекеттик материалдык резервдер фонду дыйкан-фермерлерге 10 миң тоннага чейин дизель майын жеңилдетилген баада – 65 сомго берет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматында, учурда дыйкан-фермерлерди күйүүчү майлар менен камсыздоодо көйгөй жок.
Ошондой эле, быйыл мурда пайланылбаган 3,3 миң гектар айдоо жер иштетилет. 2025-жылы жалпы себүү аянты 1 млн 250 миң гектарды түзөт. Ал эми пайдаланылбаган жер 35,7 миң гектарды түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом