Сербияда өтүп жаткан дүйнө биринчилигинде эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Арсалан Будажапов (79 кг) биринчи беттешин ийгиликтүү өткөрдү.
Ал килем үстүнө бүгүн, 15-сентябрда чыгып, таймашты 1/16 финалдан баштады. Биринчи кармашында ал франциялык балбанды жеңип алды.
Эскерте кетсек, бүгүн 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев да күрөшөт. Ал таймашты 1/8 финалдан баштайт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз